Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 20.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз маданиятынын эмгек сиңирген артисти, "Даңк" медалынын ээси, КТРКнын отличниги, белгилүүү теледиктор Бактыбек Мамытов 20-майда 72 жаш курагында дүйнө салды. Аталган маалыматты кесиптештери тастыкташып, көптөн бери ооруп жүргөндүгүн билдиришти.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган.

Мектепти аяктаган соң улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.

“Кабар” маалымат агенттиги диктордун жакын туугандарына, санаалаштарына жана сапарлаштырына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий