• 87
  • 90.41
  • 0.84

Белгилүү италиялык актер жана режиссер Микеле Плачидо Кыргызстандын элчилигине барды

Коом 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаевдин чакыруусу менен италиялык көрүнүктүү актёр жана режиссер Микеле Плачидо элчиликте болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен блдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Таалай Базарбаев Микеле Плачидону Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий-гуманитардык, анын ичинде кинематография тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча элчиликтин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Таалай Базарбаев Микеле Плачидонун чыгармачылыгына сый-урматын билдирип, Кыргызстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Тагыраагы, белгилүү актёрду акыркы тасмалары менен Кыргызстанда өткөн эл аралык кинофестивалдарга катышууга, ошондой эле эл аралык калыстар тобунун ардактуу мүчөсү катары келип кетүү үчүн чакырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Микеле Плачидо кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана Италия менен маданият тармагындагы кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге өзүнүн жеке киностудиясынын чыгармачылык ишмердүүлүгү менен тааныштырып, сунушталган демилгелерди биргелешип кароого даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Таалай Базарбаев менен Микеле Плачидо мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлор боюнча диалогду улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий