• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бензовоздун Чычкан суусуна кулашы: 2,5 миң форель кырылды

Коом 0

Бишкек, 23.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чычкан суусунда 2,5 миң форель кырылды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, балыктар сууга 38 тонна күйүүчү май төгүлгөндөн кийин өлүп башташкан.

Жалпы чыгым 950 миң сомду түздү.

Ошондой эле суунун курамын текшерүү максатында айлана чөйрөнү коргоо Агенттигинин лабораториясына жөнөтүлдү. Текшерүү учурунда Токтогул суу сактагычында кооптуу жагдайлар аныкталган эмес.

Эске сала кетсек, 21-январда Бишкек-Ош унаа жолунун Чоң-Өрүктү тилкесиндеги 264-чакырымында сууга бензовоз кулап кеткен. Натыйжада Чычкан чуусуна 38 тонна күйүүчү май төгүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий