• 87
  • 91.26
  • 0.84

Берлин шаарында "Айтматов жана тоолор" аттуу маданий кече өттү

Маданият 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде "Айтматов жана тоолор" аттуу маданий кече өттү.

Элчиликтен билдиришкендей, иш-чарага дипломаттар, маданият жана билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү, журналисттер, ошондой эле Кыргызстанды сүйгөн коноктор чогулду.

Кеченин башында элчи Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзү менен чыгып, Чыңгыз Айтматовдун кыргыз маданияты жана адабиятынын символу катары маанилүүлүгүн, анын адам менен жаратылыштын, өзгөчө кыргыз элинин жүрөгү болгон тоолордун ортосундагы байланышты түшүнүүгө кошкон салымын баса белгиледи.

Кеченин программасында немис публицисти Ирмтрауд Гучкенин "Кыргызстанга саякат: Айтматовдун изи менен" аттуу доклады окулуп, Кыргызстан тоо күн тартибин эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө арналган видеоролик жана "Жамиля" аттуу көркөм тасма көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, элчиликтин залында Ч.Айтматовдун чыгармаларында негизги символдордун бири болгон кыргыз тоолоруна арналган фотокөргөзмө уюштурулду. Иш-чара улуттук ашкананын даамдары менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий