• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Берлиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү футболдук турнир уюштурду

Спорт 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Берлиндеги кыргыз диаспорасынын активисттери биринчи жолу “Ынтымак” футболдук турнирин уюштурду.

КР ТИМден билдиришкендей, футбол боюнча мелдешке Германиядагы жана Чехиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн турган 11 команда, анын ичинде Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган команда катышты.

Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев жаштарга кайрылып, Европа өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымактын мындан ары дагы бекемделишинин маанилүү экендигин белгиледи.

Футболдук мелдештин жүрүшүндө конокторго кыргыздын улуттук тамак-ашы сунушталды.

Иш-чара катышуучуларга жана конокторго бири-бири менен таанышууга жана байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү, бул Германиядагы жана Чехиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн мындан аркы ынтымагына салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий