• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бийлик өкүлдөрү Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анын жүрүшүндѳ жарандар ѳздѳрүнѳ тийиштүү кѳгѳйлүү маселелери боюнча суроолорду беришти.

Тактап айтканда, жазгы жана күзгү эгиндерди айдоодо үрѳн маселеси менен камсыз кылуу кечигип жаткандыгы, сугат жана таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорунун айланасындагы кѳйгѳйлүү маселелер, күйүүчү майлоочу майлардын, айыл чарба техникаларына керектүү запастык бѳлүктѳрдүн сапатын жана баасынын кѳтѳрүлүшүн кѳзѳмѳлдѳө, жолдордун абалы, турак жай жана башка социалдык маселелер кѳтѳрүлдү.

Ошондой эле жарандар мал уурулукка байланышкан кылмыштардын бети ачылбай, арыздарды кароо мѳөнѳтү созулуп жаткандыгына даттанышты. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жарандардын арыз-даттанууларын кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгын жана бул маселе боюнча айрым кызматкерлер тартиптик жаза алгандыгын билдирди.

Жыйындын катышуучулары ушундай жолугушуулар уюштурулуп, жарандарга арыз-даттанууларын айтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө ыраачылык билдиришти.

Белгилей кетсек, аткаруу бийлигинин, ошондой эле көзөмөл жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуулары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий