• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бийлик өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун жашоочулары менен жолугушат

Коом 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Жетекчилердин жер-жерлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуулары улантылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармакка билдирүү калтырды.

Анын маалыматына ылайык, бул жолу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көл облусунда болушат.

“Эске салсак, мындай жолугушууларда көзөмөлдөөчү органдын башчысына, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарына жана ички иштер министрине тиешелүү суроолорду берип, жоопторду алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Кайсыл бир себептер менен дароо жооп бере албай турган маселе болсо, тийиштүү кызматкерлер аларды каттап алышып, кийинчерээк жооптор берилет”, - деп жазды Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий