• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бийликти күч менен басып алууну пландаган топ. Тинтүү учурунда курал-жарак табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.07.24. /Кабар/. Бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда бир катар курал-жарактар табылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, деструктивдүү топтун бир катар мүчөлөрүнүн жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинтүү учурунда:

- 50 даана мылтык;
- 20 даана тапанча;
- 255 миң 238 даана ок-дарылар;
- 200 даана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формасы, 30 даана баш кийимдер;
- 38 даана ок өтпөс кийимдер;
- 2 даана дрон, рация, колго жасалган жардыргыч заттар, экстремисттик адабияттар жана башка буюмдар табылып алынды.

Мындан тышкары, тинтүү учурунда бир катар жарандардын өздүк документтери табылып, алардын ичинде КР Жогорку Кеңешинин депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет да табылды.

Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий