• 87
  • 90.41
  • 0.84

Массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. ИИМдин ыкчам кызматы 17-ноябрь күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда Бишкектин чет жакаларында улуттук спорт оюндарын өткөрүп, ага жамынып бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобун кармады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери массалык башаламандыктарды даярдап жаткан жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн адамдардын тобу жөнүндө маалымат алышкан.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМ тарабынан Кылмыш - жаза кодексинин 36-278-беренелеринин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган топтун бир катар мүчөлөрү кармалган. Алар:

1. Чет мамлекеттин жараны жана Ош облусунун тургуну 1987-жылы туулган К.А.О. чет мамлекетте согуш аракеттеринин катышуучусу болуп саналат. Ага бөлүнгөн милдеттер: физикалык жактан даярдалган адамдарды тандоо, жалдоо жана нускама берүү, алкоголдук ичимдиктерди, азык-түлүктү жана малды сатып алуу, массалык башаламандыктар учурунда укук коргоо органдарынын аракеттерине көз салуу жана уюштуруучуларга жана координаторлорго маалымат берүү кирген. Ал кармалган учурда жана жашаган жерин тинтүү иш-чараларында тутанткыч менен күжүрмөн граната, патрондор, үч квадрокоптер, тепловизор, алысты өлчөгүчү бар оптикалык прицел табылып алынган;

2. Чет мамлекеттин жараны, Ош облусунун тургуну А.у. М., К. А. менен бирге Кыргызстанда массалык башаламандыктарды өткөрүүгө жардам берүү үчүн өлкөгө келген. Кармоо учурунда андан номурлары өчүрүлгөн белгисиз үлгүдөгү тапанча жана октор, салмагы 5,7 грамм болгон "гашиш" баңгизаты табылган;

3. Чет мамлекеттин жараны М.М.Т. чет мамлекеттин аймагында согуш аракеттеринин катышуучусу болуп саналат. Кыргызстанга досу К. А. менен бирге массалык башаламандыктарды жүргүзүүгө жардам берүү үчүн келген. Ал дрондор менен иштөө боюнча адис, жардыруучу түзүлүштөрдү даярдоо жана колдонуу жөндөмүнө ээ;

4. Чүй облусунун тургуну, уюштуруучу жана координатор Б.Т.Н. мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Массалык башаламандыктарды өткөрүү үчүн жогоруда аталган адамдарды демөөрчүлүк кылган жана ишке тарткан, мессенджерлер боюнча чагымчыл видеороликтерди жана шилтемелерди тараткан. Анын милдетине деструктивдүү элементтерди, мурда соттолгон адамдарды жана көрсөтүлгөн мыйзамга каршы аракеттерди каржылоого даяр башка адамдарды каржылоо жана табуу кирген;

5. Чүй облусунун тургуну К.Д.С. каракчылык, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо, уурдоо жана баңгизатын сатуу боюнча бир нече жолу соттолгон. Анын милдетине үгүт жана каржылоо жолу менен спорттук иш-чараларга жамынып катышуучуларды чогултуу кирген, элди өкмөт үйүнө жөнөтүшү керек болгон;

6. Чүй облусунун тургуну Ч.А.С. уюштуруучу жана координатор болот. Ал Б.Т.нын уюштуруу жана акча каражаттарын бөлүштүрүү, жалданган адамдардын акысын төлөө жана элди чагымчылдыкка үндөө маселелери боюнча жакын адамы.

7. Негизги уюштуруучу А.у.К. Жалал-Абад облусунда туулган. Ал КРнын Башкы прокурорунун мурдагы орун басары, анын милдетине финансылык камсыздоо, укук коргоо органдары менен байланышуу, алардын аракеттери жөнүндө алынган маалыматтарды берүү, массалык башаламандыктарда жана бийликти басып алууда ролдорду бөлүштүрүү жана координациялоо кирген.

Аталган топтун кампасынан элди мас кылуу үчүн 1000 бөтөлкө арак, 2000 бөтөлкө минералдык суу, 1 тонна күрүч, союу үчүн 1 жылкы жана массалык башаламандыктарга катышкандарга аш даярдоо үчүн азыктар алынган.

Кармалган адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүмү, 36, 278-беренелер (массалык башаламандыктарды даярдоону уюштуруу); 261-беренесинин 1-бөлүмү (уюшкан топ түзүү); 263-беренесинин 2-бөлүмү (уюшкан топту каржылоо); 326-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу); 256-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышуусу) менен айыптары угузулуп, соттун чечими менен 2025-жылдын 10-январына чейин тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Учурда кылмыш иши боюнча уюшкан кылмыштуу топтун башка уюштуруучуларын жана катышуучуларын аныктоо боюнча бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий