Билим берүүгө багытталган глобалдык форум Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат – Майкл Кокер

Маек 0

Ага Хан фондунун башкы директору Майкл Кокер Бишкекте өтүп жаткан билим берүүгө багытталган глобалдык форумга катышуу үчүн Кыргызстанга келген. Ал бул жолку сапарында “Кабар” агенттигине маек куруп, журналисттин "Мектептер-2030" программасы, билим берүү тармагын өнүктүрүүдө эл аралык уюмдардын ролу, келечеги жана өлкөдөгө климат маселеси тууралуу суроолоруна жооп берди.

Саламатсызбы, Майкл Кокер мырза! Кыргызстанга кош келипсиз! Алгачкы эле суроону Кыргызстанда ишке ашып жаткан "Мектептер-2030" программасынан баштагым келип турат. Аталган программанын негизинде өтүп жаткан глобалдык форум жана анын түпкү максаты тууралуу айтып берсеңиз?

— Сурооңузга рахмат! Глобалдык форум, сиз айткандай 11-12-13-июнда өтөт. Иш-чара Ага Хан фондунун “Мектептер-2030” программасынын алкагында КР Билим берүү министрлиги менен биргеликте уюштурулууда. Азыркы тапта долбоор дүйнө боюнча 10 өлкөдө өзүнүн ишмердүүлүгүн алып барат. Жалпы 1000 билим берүү уюмун камтыйт. Форумга 150дөн ашуун делегат катышат. Ал жерден окуучулар, мугалимдер чогу биргелешип жаратмандык жана инновациялык жолдорун колдонуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өзүнүн салымын кошот. Мындай форумдар келечекте билим берүүгө чоң салым болмокчу. Форумда эң негизги маселе катары климаттын өзгөрүшү талкууланат. Анда мугалимдердин лидерлиги, климаттын өзгөрүшү боюнча туруктуу маселелер көтөрүлөт. Өзүңүз билгендей, Кыргызстандын президентинин улуттук “Жашыл мурас” өнөктүгү жүрүп жатпайбы?! Биздин уюмдун да, Кыргызстан боюнча тоолуу аймактарга багытталган демилгелери бар. Алардын арасында, азыр эле айтып өткөндөй “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында экосистеманы коргоо багытында көптөгөн иштерди алып барабыз. Глобалдык форумдун алкагында бул маселе боюнча талкуу жүргүзүлөт.

Билим берүүгө багытталган глобалдык форум Кыргызстанга кандай мүмкүнчүлүктөрдү алып келет жана мындай иш-чаралардын өлкө үчүн пайдасы кандай?

— Форум Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Негизи бул форумдун дагы бир фокусу, билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесине да арналууда. Өзүм баамдагандай, азыркы тапта Кыргызстандын президентинин колдоосу жана салымы менен билим берүү тармагы өнүгүү жолуна түштү. Айтсак, эрте курактагы балдарды өнүктүрүү тармагына жакшы көнүл бурула баштады. Буга мисал катары, мурда өлкөдө бала бакчага барган балдар 26 пайыз гана болсо, азыр 40 пайызга чейин жетүү аракеттери көрүлүп жатат. Албетте, балдардын жаш курактан инклюзивдүү билим берүүгө биз дагы абдан жакшы көңүл буруп келебиз. Бул өз кезегинде окуу сапатын жакшыртууга колдоо болмокчу.

Ага Хан фонду өлкөдөгү билим берүүнү жакшыртуу үчүн кыргыз өкмөтү жана коому менен кызматташууда кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет?

— Ага Хан фонду Кыргызстан менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлгандан бери, өлкөнүн жети облусунда активдүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын ичинде биз Билим берүү жана илим министрлиги менен да кызматташабыз. Өнөктөштүктүн натыйжасы билим берүү жана климаттын туруктуулугуна байланышкан маселелерди чечүүнү камтыйт. Атай кетишим керек, бул форумда дагы Кыргызстандагы климат маселесин комплекстүү чечүү жолдору талкууланат. Анын ичинде жашыл экономиканы алдыга жылдырууда мугалимдердин да ролу каралмакчы.

Азыркы тапта климаттын өгөрүшү да абдан маанилүү маселе болуп турат. Студенттердин, окуучулардын климаттын өзгөрүшү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууда билим берүүнүн ролун кандай көрөсүз жана бул теманы билим берүү программаларына интеграциялоо үчүн кандай ыкмаларды колдонуу натыйжалуу?

— Абдан жакшы суроо болду. Негизи маалыматты жеткизүүдө мугалимдердин ролу чоң. Ошол себептен, биз ушундай форум өткөзүп мугалимдердин климаттын өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды жайылтууда керек болгон бардык зарыл чараларды камсыздап берүүдөбүз. Ошол эле, ресурстук жагынан дагы, маалыматтык жагынан дагы мугалимдерге көмөктөшүп келебиз. Дагы кошумчалай кетчү жагдай, климаттын өзгөрүшү боюнча балдардын эрте курактан тарта биле баштаганы маанилүү. Эң башкы этабы 5 жаштан башталат. Анда жайлоодогу бала бакчаларды уюштуруу аркылуу, балдарга климаттын өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды жөнөкөйлөштүрүп, алардын кабыл алуусуна ылайык методдор менен түшүндүрүп берүүбүз керек. Ушул эле метод 10-15 жаштагыларга да уланат. Ар бир баскычта өзүнө жараша методология болот. Бул аркылуу биз жаштарды жогорку окуу жайда окуганга чейин климаттын өзгөрүшү боюнча маалымат менен камсыздап берүүбүз зарыл.

Ага Хан фонду Кыргызстандын билим берүү тармагында кандай демилгелерди, программаларды ишке ашырууда жана фонд ушул убакка чейин кандай жыйынтыктарды берди?

— Негизи эле Кыргызстанда билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон долбоорлордун бири Ага Хан фондунун “Мектептер-2030” программасы болот. Бул программага ылайык, мугалимдердин инновациялык билими аркылуу билим берүүгө салым кошобуз. Анын ичинде жалгыз эле ушул климатка байланыштуу иш алып барылбайт. Ичинде бир нече багыттар камтылган. Биздин негизги фокус бул методология. Бул аркылуу үйрөтүүнүн натыйжалуугун жогорулатуу болуп саналат. 10 жылдан кийин биз азыр колдонгон инновациялар өз жемишин берет деп ишенем.

Кыргызстан үчүн билим берүү тармагындагы эң келечектүү инновация катары кайсыны эсептейсиз жана бул тармактын мындан ары өнүгүшүнө баамыңыз кандай?

— Менин оюм боюнча, билим берүү тармагында инновациянын эң натыйжалуулугу класста мугалим менен эле чектелип калбастан окуучунун өз алдынча жетилүүсүндө, өнүгүүсүндө, билим алуусунда ата-энеси жана коомчулуктун активдүү катышуусу маанилүү. Буга жапа тырмак кол кабыш кылуу абзел. Албетте, балдарды эрте курактан татыктуу тарбия берүүдө мугалимдердин да ролу абдан чоң. Ошондуктан аларга натыйжалуу окутуу программаларын түзгөнгө алдын ала окутууларды ар дайым колдоп келебиз.

Майкл Кокер мырза, атайын убакыт бөлүп маек бергениңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз!

— Сиздерге да чоң рахмат! Мен да абдан кубанычта болдум. Сиздерге да ийгилик каалайм.

Маектешкен “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти Жазгүл Мадинова

Пикир

Оставить комментарий