• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Билим берүү министри АКШнын элчисине өлкө аймактарында коворкинг борборлорун ачууну сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге аймактарда бардык жаштагы жарандардын кызыгуулары камтылган жана баарына жеткиликтүү болгон өнүгүү борборлорун (коворкинг) ачууну сунуштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Билдирүүгө караганда, тараптар күн менен жолугуп, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулашкан.

Жолугушууда Догдуркүл Кендирбаева министрликтин приоритеттүү багыттары катары кенже курактагы балдарды өнүктүрүү, STEM предметтери боюнча мугалимдерде жаңы көндүмдөрдү калыптандыруу, сапаттуу жаңы муундагы окуу китептерин иштеп чыгуу, билим берүү системаларын санариптештирүүнү жана өнүгүүнүн санариптик кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну атады.

Ошондой эле министр дүйнөлүк чакырыктардын, жаңы эмгек рыноктардын талаптарын эске алуу менен STEM багытындагы билим берүүгө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Лесли Вигери элчилик менен министрликтин ортосундагы кызматташтыкты жогору баалай тургандыгын айтып, министрдин демилгелерин колдой тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий