• 87
  • 91.29
  • 0.84

Билим берүү министри Аксыда кесиптик лицейди күтүүсүз текшерди

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун Кызыл-Туу айылындагы №53 кесиптик лицейди күтүүсүз текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр лицейдин окуу корпустарын, класстарын, ашканасын жана окуу жайдын аймагын көрүп чыкты.

Лицейдин директору Дамирбек Арстанбековго бир катар кемчиликтер айтылып, аны тез арада чечүүнү тапшырды.

Догдуркүл Кендирбаева билим алып жаткан балдар менен баарлашып, суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, кесиптик лицейде 158 окуучу окуйт. Алар электр жана газ менен ширетүүчү, ашпозчу-кондитер, программалык камсыздоону иштеп чыгуу кесиптерине ээ болушат.

Пикир

Оставить комментарий