• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Билим берүү министри Араб аял инвесторлор союзунун делегациясы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Араб аял инвесторлор союзунун президенти Хода Галал Ясса баштаган делегация менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар балдарды өнүктүрүү, аялдарга көмөктөшүү жана жашыл экономика боюнча билим берүү тармагындагы долбоорлордун идеяларын колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары билим берүү тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Хода Галал Ясса ал жетектеген союздун (The Arab Women Investors Union) ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, 11-15-ноябрда Египпетте өтө турган “Араб-Африка инвестициялары жана эл аралык кызматташтык” саммитине (Arab African Investment and International Cooperation Summit) министрге чакыруу баракчасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий