• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Билим берүү министри ЮНИСЕФтин өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бугүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Тапа менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Кендирбаева "Алтын казык" билим берүүнү трансформациялоо программасы, анын ичинде балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү аракеттери жана алдыда биргелешип жасай турган иштер жөнүндө айтып берди.

Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелишип иштөө багыттары тууралуу пикир алышып, сунуштарды айтышты.

Пикир

Оставить комментарий