Бишкек, 22.08.23./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас районундагы №6 кесиптик лицейине барды.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, лицей айыл чарба тармагы боюнча адистерди даярдайт. Быйыл 200дөн ашуун адис даярдап чыгарган.
Кесиптик лицей Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен толук оңдоп-түзөөдөн өттү.
Окуу жай быйыл 500 абитуриентти кабыл алып, билим берүүгө даяр.
Пикир
Оставить комментарий