• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Билим берүү министри Жалал-Абад облусундагы мектептердин абалы менен таанышууда

Билим 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 23-25-сентябрда жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусундагы жалпы билим берүү уюмдарынын абалы менен таанышууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, ошондой эле министр өзгөчө авариялык мектептердеги кырдаал менен жеринен таанышып, мугалимдерге алдыдагы билим берүүдөгү трансформация тууралуу маалымат берүүдө.

Кендирбаева алгач Базар-Коргон районундагы С.Балтабаев атындагы №36 жалпы билим берүүчү орто мектебинин абалы менен таанышты. Жолугушуу учурунда авариялык абалдагы мектептин биринчи корпусунун ордуна заман талабына ылайык жаңы мектептин курулушу боюнча маселе каралды.

Ошондой эле жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жана мугалимдер жамааты, тургундар жана менен жолугушуп, элдин көйгөйү менен жеринен таанышты.

Эскерте кетсек, 536дан ашык окуучу билим алган аталган окуу жай Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу менен авариялык абалда деп табылып, титулдук тизмеге кирген.

Бул иш сапардын алкагында министр Ала-Бука районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №15 жана №21, Аксы районундагы С.Жоробаев атындагы №65, Сузак районунун Бостон айылындагы Х.Кенжаев атындагы №30 жана Үлгү айылынын С.Эшматов атындагы №21, Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы №9 жалпы билим берүүчү мектерине барат.

Ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы имараты менен таанышып, окуу жайдын алдында уюштурулган бала бакчанын ачылышына катышат.

Пикир

Оставить комментарий