• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министрлиги менен германиялык компания кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Билим 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кыргыззстандын Билим берүү жана илим министрлиги Германиянын Тюрингия Федералдык аймагында жайгашкан FAV Service gGmbH коммерциялык эмес компаниясы менен кызматташат. Бул тууралуу ведомствонун басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кун мурун Берлинде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен аталган компаниясынын жетекчиси профессор Хайко Шюлердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

Хайко Шюлер билдиргендей, компания Германияда үч жылдык дуалдык кесиптик билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгү менен гана алектенет. Долбоор Евробиримдиктин биргелешкен колдоосу менен ишке ашырылууда.

Жолугушууда тараптар Германияда кыргызстандык жарандарды квалификациялуу адистикке даярдоо боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо үчүн кесиптик-техникалык билим берүү тармагында кызматташууну бекемдөө максатында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен FAV Service gGmbH компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий