• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министрлиги окуучулар үчүн дистанттык окутууну кантип уюштурат? Расмий жооп

Билим 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярданып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыр базалык окуу планына, календардык-тематикалык планга жана окуу программаларына ылайык, сабактардын жадыбалы түзүлдү.

Ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 1-11-класстар үчүн эки тилде видео сабактар жазылууда. Сабактарды Бишкек жана Ош шаарларындагы мугалимдер өтүшөт. Аталган видео сабактар 8-апрелден тарта “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдан" эфирге кетет.

Андан сырткары, ушул эле сабактар ютуб каналдарына, жана атайын порталга жайгаштырылат.

Билим берүү жана илими министрлиги тарабынан oku.edu.gov.kg билим берүү порталы түзүлүп, учурда анын контентин толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул порталга 1-11-класстарынын окуу материалдары, теледен берилчү сабактардын жадыбалы, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, видео сабактар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. жайгаштырылат.

Окуучулар менен кайтарым байланыш, үй тапшырмасын берүү жана текшерүү үчүн мугалимдерге Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp сыяктуу заманбап коммуникациялык каражаттарды колдонуу сунушталат. Бул инструменттер, аралыктан эле сабакты өтүп, тапшырмаларды берип, аларды текшерип алууга мүмкүнчүлүгүн берет. Ал үчүн мугалимдердин маалыматтык-компьютердик компетенциялары жетиштүү болушу зарыл.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институту тарабынан мугалимдерге бул багытта атайын инструкциялар даярдалды.

Белгилей кетсек, видеосабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий