• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылында мектептерди китеп менен камсыздоо аракетин көрүүдө

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү тармагы жаңы кадамды баштады. Кийинки жылдан тарта 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Анда мектеп окуучулары Сингапурдун китептери менен окушат.

Билим берүү жана илим министрлиги 14-августта жаңы окуу жылын утурлай атайын маалымат жыйын өткөрүп, анда негизги суроолордун бири 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана окуу китептери болду.

Министрликтин башкы адиси Самат Тоялиев 12 жылдык билим берүүнү ата-энелер жана коомчулук туура түшүнүп, колдоп берет деген ишенимин билдирди.

“Биз этап-этабы менен 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатабыз. Бул процессте китеп чоң ролду ойнойт. Анткени, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мамлекеттик билим берүү стандарттары жана окуу программалары өзгөрөт, ага жараша китептин мазмуну да өзгөрөт. Мындай шартта эски китептерди кайрадан басып чыгаруунун зарылчылыгы жок. Кичине убакытты талап кылат, 1-2 жылда биз ошол жаңы стандарт, жаңы программалардын негизинде жаңы китептерди басып чыгарып, мектептерге жеткирип беребиз”, - деди Тоялиев.

Ал белгилегендей, министрлик быйылкы жылы Сингапурдун табигый-математикалык циклдегы предметтердин китептерине лицензия алган. Алар биздеги математика, физика, химия, биология, табият таануу жана англис тили боюнча китептер. Алар мөөнөтсүз лицензиялык укуктар. Министрлик китептерди өзүбүздүн улуттук менталитетке ылайыкташтырып, кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдерине которуп, басып чыгарууга укуктуу.

“Өзүбүздүн графигибизге ылайыктап, эки жылда китептерди которуп, экспертизалап, колдонууга сунуштап, андан ары басып чыгарууну пландап жатабыз. Азыркы учурда аталган китептер англис тилинен которулууда. 2026-2027-окуу жылына чейин окуу китептердин баарын тең басып чыгарууга жетишишибиз керек”, - деди Тоялиев.

Улуттук статистика комитети берген маалыматка караганда, 2024-жылдын 1-мартына карата Кыргызстанда 1 млн 430 миң бала мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге, 60 миңи менчик мектепке барат.

Самат Тоялиевдин айтымында, мамлекеттик мектепке барган балдардын санын эске алганда, бир балага орточо 12 предметке китеп керек болот. Башталгыч класста предмет аз болот, ортоңку жана жогорку класстарда 14-15 китеп, орточо бир окучууга 12 китеп туура келет. Жалпысынан алганда 17 миллиондон ашык китеп керек. Ал эми китепкана фондунда 12 миллиондон ашык китеп бар. Жалпы республика боюнча мектептерди китеп менен камсыз кылуу үчүн болжол менен 5-6 млрд сом керектелет. Бул багытка республикалык бюджеттен жыл сайын 152 млн сом бөлүнөт. Быйылкы бөлүнгөн каражаттарга да китептер басылып чыгарылган. Жалпысынан акыркы эки жылда 304 миллион сом бөлүнсө, 95 пайызына китептер басылып чыкты.

Басылып чыгарылган китептер:

  • 1-класстардын кыргыз тилдүү класстары үчүн “Алиппе”, “Русский язык” жана 1-класстардын орус тилдүү класстары үчүн “Азбука”;
  • 7-8-класстар үчүн “Адам жана коом”, “Диндердин тарыхы” китебин орус жана кыргыз тилдеринде;
  • 7-класстар үчүн “Физика”;
  • 8-класстар үчүн “Химия”;
  • 7-9-класстар үчүн “Информатика” китептерин басып чыгарылган.

Бул китептердин баары “Учкун” басмаканасынан басылып, бардык мектептерге жеткирилген жана аталган китептер быйыл жетиштүү болот.

Ошондой эле мектептердин табыштамаларынын негизинде "Адам жана коом", "Диндердин өнүгүү тарыхы", "Алиппе" китептери кошумча тираж менен басылып чыгарылган. Бул китептер да бардык мектептерге жеткирилген. Министрликтин “Аркус” басмаканасы менен түзүлгөн кызматташуу боюнча меморандумунун негизинде 1-класстар үчүн "Русский язык" китебин басып чыгууга лицензия берилген. “Русский язык” китеби 241 тираж менен "Учкун" басмаканасында басылууда жана 1-сентябрга чейин китептер бардык мектептерге жеткирилет.

“Окуу жылы башталганда ата-энелер тарабынан балдарыбызга мукабасы жок китеп, ичи чийилген, тытылган китептерди берип коюшту деген сөздөр көп болот. Биз ошондой нааразычылыктарды эске алып, атайын буйрук чыгарып, жаңы окуу жылында физикалык жактан начар абалдагы, колдонууга болбой калган китептерди балдардын колуна бербегенге аракет кылып жатабыз. Китеп жетишсиздигинин ордун толтуруу максатында китептердин түстүү көчүрмөлөрү даярдалып “Электрондук китепкана” деген порталга жүктөлгөн. Колдонууга сунушталган китептердин баардыгын PDF форматында тапса болот. Сентябрга карата дагы порталды карап, жок китептердин ордун толуктайбыз.

Андан тышкары, жаңы окуу жылына карата "Электрондук окуу китеби" порталы да жаңыдан иштелип чыкты. Бул порталга дагы колдонууга сунушталган китептердин электрондук версиясы жүктөлөт. Ал китептерди окууга бардык мектептерге мүмкүнчүлүк берели деген ниетибиз бар. Бул китептерди мурун тар чөйрөдөгү мектептерге гана окууга мүмкүнчүлүк берилген болсо, эми аймагын кеңейтели деп атабыз”, - деди С.Тоялиев.

Билим берүү министрлигинин өкүлү быйыл да китеп жетишсиздиги болушу мүмкүн экенин жокко чыгарган жок, бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыраак болорун белгиледи. Анткени, жогоруда айтылгандай жаңы китептер басып чыгарылды жана электрондук китептерге да мүмкүнчүлүк берилди.

Пикир

Оставить комментарий