• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Билим берүү министрлигинин кызматкерлери бир күндүк маянасын Баткендин жашоочуларына которот

Коом 0

Бишкек, 30.04.21 /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери бир күндүк маянасын Баткен облусунда болуп өткөн окуялардан жабыркаган жарандарга жардам иретинде которот. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим министрликтин профсоюздук комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Жыйында бардык мүчөлөр жогорудагы демилгени колдоп, жаралган кырдаалда кыргыз элинин биригип, бири-бирине жардам көрсөтүп, ынтымакты сакташы маанилүү экенин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий