Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты балдардын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акысыз билим алуу укугун ишке ашыруу болуп эсептелет.
Мыйзам менен башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултууга тыюу салуу каралып, ошондой эле мындай аракеттерге Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик киргизилди.
Мындан сырткары, мыйзам менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу боюнча иштерди кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча ыйгарым укук берилди.
Пикир
Оставить комментарий