• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Билим саммити. Ысык-Көлдө кыргыз-орус инновациялык жетишкендиктер жарманкеси ачылды

Билим 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы "Дельфин" пансионатында кыргыз-орус билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктер жарманкеси ачылды.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, жармаңкенин негизги максаты - билим берүү жана илим жаатында тажрыйба, алдыңкы, идеялар, технологиялар жана методикалар менен алмашуу аянтчасын сунуштоо, диалог жана кызматташуу үчүн натыйжалуу платформаны түзүү.

Жарманкеге Россиянын билим берүү министрлигинин, Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жетекчилери, Россиянын билим берүү жана илимий уюмдарынын 150дөн ашуун өкүлдөрү катышууда:

  • “Алабуга” өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги өзгөчө экономикалык аймагы” Акционердик коому;
  • “Орленок” бүткүл россиялык балдар борбору;
  • “Артек” эл аралык балдар борбору;
  • “Курчатов институту” Улуттук изилдөө борбору;
  • Казань федералдык университетинин Елабуга институту;
  • Россия элдеринин достугу университети;
  • Санкт-Петербург политехникалык университети;
  • Сколково илим жана технология институту.

Эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык чечимдерин сунуштоо үчүн жарманкенин негизги темалары санариптештирүү, виртуалдык реалдуулук, педагогдорду жасалма интеллектти колдонуу менен окутуу/кайра даярдоо/кошумча кесиптик билим берүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, кыргыз-орус жарманкеси Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий