• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бир айда ЖКККББнын ишеним номерине 6,4 миңден ашуун кайрылуу түштү

Коом 0


Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишеним номери ишке киргенден бери 6,4 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөн.

Белгиленгендей, ЖКККББ ушул жылдын 21-майынан тартып жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн (0777) 102-102 ватсап номерин ишке киргизип, ыкчам жооп бериле баштаган.

Ошентип, жол эрежесине кайдыгер карабаган жарандардан көчөдөгү жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча 6 миң 414 кайрылуу жөнөтүшкөн. Анын ичинен:

  • 2871 (44,7%) кайрылуу унааларын башкаларга тоскоолдук жаратып, туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурлары;
  • 1384 (21,5%) кайрылуу каршы тилкелерге чыгуу жана ашып өтүү озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузган учурлары;
  • 1261 (19,6%) кайрылуу жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбөө жана жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочулар тууралуу;
  • 898 (14%) кайрылуу жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузган айдоочулар тууралу.

Жарандардын жөнөткөн сүрөт жана видеолору боюнча, жол эрежелерин бузган айдоочулардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катталууда.

"Ишеним номери коомчулук менен тыгыз байланышта болууда, жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алууда натыйжалуулугун көрсөтүүдө", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ жол эрежелерин бузуу фактылары тууралуу маалымат берген кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий