• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бир айдын ичинде аткаруу мөөнөтү кечиктирилген көзөмөлдөгү документтердин саны 52% кыскарган

Өкмөт 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – министр Таалайбек Темиралиев видеокеңешме-байланыш режиминде Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун статс-катчылары менен 2020-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча аткаруу тартибинин сакталышы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө ченемдик-укуктук актыларды даярдоо жана тапшырмаларды аткаруу сапатынын маселеси талкууланды.

Кеңешмеде белгиленгендей, 2020-жылдын 21-июлуна карата атарууда 7 миң 389 контролдук документ болгон, анын 5 миң 595и аткарылган, 1 миң 794и аткарууда болгон, ал эми 987 документтин мөөнөтү кечиктирилип аткарылган.

2020-жылдын 3-августуна карата 8 миң 30 контролдук документ аткарууда болгон, анын 6 миң 420сы аткарылган, 1 миң 610у – аткарууда, 681 документ белгиленген мөөнөттөн өткөрүлүп аткарылган.

2020-жылдын 18-августуна карата мамлекеттик органдарга 8 миң 589 контролдук документ келип түшкөн, анын ичинен 7 миң 734ү аткарылган, 855и – аткарууда, ал эми 26 документ белгиленген мөөнөттөн кечиктирилип аткарылган.

Талдоо көрсөткөндөй, 2020-жылдын 21-июлунан 18-августуна чейин аткаруу мөөнөтү кечиктирилген көзөмөлдөгү документтердин саны 52%га кыскарышы боюнча оңдуу динамика байкалган.

Кеңешмеде 2020-жылдын 18-августуна карата аткаруу тартиби төмөн көрсөткүчкө ээ болгон мамлекеттик органдар белгиленген:

8. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
9. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;
10. Экономика министрлиги;
11. Саламаттык сактоо министрлиги;
12. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;
13. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;
14. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду.

Ошондой эле аткаруу тартиби мыкты көрсөткүчкө ээ болгон мамлекеттик органдар белгиленген:

6. Финансы министрлиги;
7. Тышкы иштер министрлиги;
8. Транспорт жана жолдор министрлиги;
9. Билим берүү жана илим министрлиги;
10. Ички иштер министрлиги.

Таалайбек Темиралиев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуу ишке ашуусу, биринчи кезекте, аткаруу бийлик органдарындагы тийиштүү тартипти сактоого байланыштуу экендигин билдирди.

Анын айтымында, министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери аткаруу тартибин камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүшү, чечимдердин жана буйруктардын толук жана өз убагында аткарылышына көзөмөл жүргүзүшү тийиш.

Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси мамлекеттик органдар жарандардын сын- пикирлерин камтыган массалык маалымат каражаттарындагы жарыялоолорго өз убагында так жана жыйынтыктуу жооп кайтарышы керектигин белгиледи.

Ошол эле учурда министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жалпыга маалымдоо каражаттарында гана эмес, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу калкка жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгүнүн натыйжалары жана алдыга коюлган милдетенмелер жөнүндө маалымат берүү иш-аракеттерин күчтөндүрүшү зарыл. Мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттарынын абалын, мазмунун жаңыртуунун үзгүлтүксүздүгүн талдоо жана басма сөз катчылардын жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолоруна ыкчам жооп берүү үчүн зарыл болгон маалыматтарга түздөн-түз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу керек.

Талкуунун жыйынтыгында аткаруу тартибин өркүндөтүү жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын тутумдуу көзөмөлгө алууну уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий