• 87
  • 91.26
  • 0.84

Бир дагы кыргызстандык батирлеп жүрбөшү керек – Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Бир дагы кыргызстандык үйүм жок деп, батирлеп жүрбөшү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.

"Биздин максатыбыз, ар бир кыргызстандыкты үй-жайлуу кылуу. Бир дагы кыргызстандык үй-бүлө үйүм жок деп чет өлкөлөп же батирлеп жүрбөшү керек. Биз ушул максатыбызды жакынкы убактарда толук ишке ашырабыз", - деди ал.

Ошондой эле өлкө башчысы жакынкы күндөрдө дагы бир маанилүү турак жай долбоорунун алгачкы этабы ийгиликтүү аягына чыгышы күтүлүп жатканын билдирди.

"Мурдагы №47 колониянын ордуна турак жайдын курулушу башталган. Буюрса, бүрсүгүнү ал жерден дагы миңдеген шаардыктарды турак жай менен камсыздайбыз деп турабыз" , -деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий