• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бир күн ичинде коронавирус 380 адамдан табылды, 360 бейтап айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 380 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 137 киши, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда - 79, Ош облусунда - 18, Талас облусунда - 19, Нарын облусунда - 10, Ысык-Көл облусунда - 38, Жалал-Абад облусунда - 48, Баткен облусунда 27 адам коронавирус жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 360 адам айыгып чыккан.

“Бишкекте - 84, Ош шаарында - 24, Чүй облусунда - 59, Ош облусунда - 13, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 49, Жалал-Абад облусунда - 53, Баткен облусунда 60 киши айыкты” - деп билдирет республикалык штаб.

Бир күн ичинде коронавирустан 5 киши каза болгон: Бишкекте - 1 киши, Талас облусунда - 2, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда - 1 адам.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 2 миң 833 бейтап, үй шартында 3 миң 772 киши дарыланууда.

“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 45и канааттандырарлык абалда, 1 миң 942 киши - орточо оор, 733 адам - оор жана 113 киши өтө оор абалда”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча17 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 6 чыгарылган. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 3 миң 910 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 3 миң 599 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 72 миң 807ни түзөт. Алардын ичинен 64 миң 149 адам айыгып чыкты, 1 миң 271 киши каза болду.

Пикир

Оставить комментарий