• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бир күн ичинде өлкө аймагында 32 өрт кырсыгы катталды - 5 унаа күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 32 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттөрдү өчүрүүгө 42 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Министрликтен билдиришкендей, бир күн ичинде 5 унаа күйгөн:

- Бишкек шаарынын 11-кичи районунда экскаватор күйгөн.

- Бишкек шаарынын Октябрь районунун Койбагаров көчөсүндө "Фольксваген Гольф-2" үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

- Аламүдүн районунун (Чүй облусу) Көк-Жар айылынын Акматов көчөсүндө "Мерседес-Бенц Спринтер 315" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

- Кара-Көл шаарынын (Жалал-Абад облусу) Ак-Кыя көчөсүндө "Фольксваген Гольф" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

- Жети-Өгүз районунун (Чүй облусу) Дархан айылынын Бейшен Аманкулов көчөсүндө "Ауди-100" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Ошондой эле Сокулук районунун (Чүй облусу) Жаңы-Жер айылынын Мичурин көчөсүндө аянты 240 чарчы метр сарай жана 1 миң түк чөп күйгөн.

Ысык-Ата районунун (Чүй облусу) Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жалпы аянты 150 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий