Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кадамжай шаарынын Аңкурсай көчөсүндө "Алинур" чайканасынын жалпы аянты 100 чарчы метр чатыры, ички жасалгасы жана эмеректери күйгөн.
Кара-Балта шаарынын Жайыл-Баатыр көчөсүндөгү "Кыргызтелеком" имаратынын 4 чарчы метр аянты жана эмеректер күйгөн.
Өрттүн себептери такталууда.
Пикир
Оставить комментарий