• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бир мандаттуу округдардан кайсы талапкерлер өттү? АСУнун маалыматы 

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан (АСУ) алынган маалымат боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды.

Азыркы учурда 2435 АСУнун ичинен 2367синен маалыматтар келди. Алдын ала маалымат боюнча, 3 млн 619 миң 292 шайлоочунун ичинен 1 млн 240 миң 196 шайлоочу добуш берген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда республиканын парламентине шайлоо аралаш система менен өттү. Алсак, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Бир мандаттуу округдар боюнча АСУнун алдын ала жыйынтыгы:

№1 Лейлек округунан - Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич;

№2 Баткен округунан - Аширалиев Чынтемир Камчыбекович;

№3 Кадамжай округунан - Атажанов Ырысбек Ысламович;

№4 Көк-Жар округунан - Бакиров Омурбек Мирзаимович;

№5 Ноокат округунан - Коргонбай уулу Жусупбек;

№6 Араван округунан - Нурбаев Жалолидин Паязидинович;

№7 Ош округунан - Осмонов Айбек Жапарович;

№8 Төлөйкөн округунан - Алимбеков Нурбек Каарыевич;

№9 Кара-Суу округунан - Матраимов Искендер Исмаилович;

№10 Куршаб округунан - Толонов Данияр Эрмекович;

№11 Алай округунан - Примов Улан Бердибаевич;

№12 Өзгөн округунан - Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич;

№13 Сузак округунан - Икрамов Тазабек Икрамович;

№1ЖДжалал-Абад округунан - Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич;

№15 Базар-Коргон округунан - Алтынбеков Айбек;

№16 Ноокен округунан - Сыдыков Бактыбек Усенович;

№17 Аксы округунан - Шакиев Нурланбек Тургунбекович;

№18 Ала-Бука округунан - Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;

№19 Токтогул округунан - Сулайманов Кундузбек Кошалиевич;

№20 Манас округунан - Назарбеков Мирлан Рысбекович;

№21 Талас округунан - Чойбеков Бактыбек Каныбекович;

№22 Жайыл округунан - Азыгалиев Нурланбек Асанбекович;

№23 Москва округунан - Зикиров Жусупбек Камчыбекович;

№24 Сокулук округунан - Кенжебаев Аманкан Батырбекович;

№25 Аламүдүн округунан - Атамбаев Сейитбек Алмазбекович;

№26 Ленин округунан - Абиров Жаныбек Болотбекович;

№27 Биринчи май округунан - барына каршы;

№28 Октябрь округунан - Бекешев Дастан Далабайевич;

№29 Свердловский округунан - барына каршы;

№30 Исык-Ата округунан - Таштанбеков Акбокон Дукенович;

№31 Чүй-Кеминский округунан - Саккараев Медербек Жаманкулович;

№32 Кочкор округунан - Нурбек уулу Ормон;

№33 Нарын округунан - Бакасов Улан Болотбекович;

№34 Жеты-Өгүз округунан - Исмаилов Муратбек Кубанычбекович;

№35 Ак-Суу округунан - Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич;

№36 Исык-Көл округунан - Сарбагышев Максатбек Канатбекович.

Пикир

Оставить комментарий