• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бир ууч аткезчилердин убаракерчилиги деп улут коопсуздугуна көз жумууга болбойт

Коом 0


Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 25-июнунан тартып уюлдук телефондорду мамлекеттик идентификациялоо системасы ишке киргизилди. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө эчактан бери эле иштеп келе жаткан бул эреже Кыргызстанга эми келди. Анткени бул коомдук коопсуздукка байланышкан эң башкы муктаждык.

Акыркы убактарда Кыргызстанда телефон аркылуу алдамчылыктын ар кандай түрү көбөйдү. Электрондук капчыгындагы болгон акчасын шыпыртып ийгендер, ал гана эмес жүз миңдеген насыя кантип мойнуна илинип калганын түшүнбөй калгандар соцтармактарга күнүгө жайнап чыгууда. Укук коргоо органдарына арыз жазып, ыйлап жүргөндөрү канча?

Адам өмүрүнө коркунуч жараткан эл аралык террорчулардын, коркунучтуу кылмышкерлердин башкы куралы дагы дал ушул телефон. Ошондуктан, Кыргызстанга алынып келинген ар бир телефон мамлекеттик каттоодон өтүшү керек. Бир ууч контрабандисттердин убаракерчилиги деп, улут коопсуздугуна көз жумуп койгон болбойт.

Телефондорду каттоо анчалык деле оор иш эмес. Учурда колдонулуп жаткан баардык телефондор автоматтык түрдө катталган. Ал эми жаңы алынып келингендерди www.imei.kg шилтемеси аркылуу оңой эле каттап алса болот. Система ишке киргенден кийинки алгачкы эки айда жеке телефондорду каттоо бекер болот.

Элди козутуп, бөйрөктөн шыйрак чыгарып жаткандар телефондорду камаздап контрабанда кылып ташыгандар. Бул аракеттер коопсуздук чараларынан тышкары, өлкө экономикасын көмүскөдөн чыгарууга жасалып жаткан иштердин бир бөлүгү. Андыктан, дүйнөдө эчак эле киргизилген бул системаны колдоого алып, нормалдуу, цивилдүү жашоого кадам таштайлы.

Пикир

Оставить комментарий