Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Бириккен Араб Эмиратында Аль-Жазира компаниясынын жеңил учагы Рас эль-Хайма шаарынын жээгине кулап, учкуч жана анын шериги набыт болду. Бул тууралуу Бул тууралуу РИА Новости WAM агенттигине таянуу менен билдирди.
WAM агенттиги Бириккен Араб Эмиратынын Жарандык авиациянын башкы башкармалыгына шилтеме берүү менен белгилегендей, учурда компетенттүү органдар окуянын себептерин иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
"Жарандык авиация башкармалыгы курман болгондордун жакындарына көңүл айтты",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул окуя дүйнө жүзү боюнча учак катышкан төртүнчү кырсык болду. 29-декабрда Кореянын Муан аэропортунда жүргүнчү учак кулап, анын кесепетинен адамдар каза болгон.
Пикир
Оставить комментарий