• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Биринчи тайм: “Ак шумкарлар” Япониянын курамасына 1:3 эсебинде утулууда

Спорт 0

Бишкек, 15.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандап алуу турунун алкагында футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Япониянын командасына биринчи таймдын жыйынтыгында 1:3 эсебинде утулууда.

Беттеш Япониянын Суйта шаарындагы Panasonic стадионунда өтүүдө.

Оюндун 27-мүнөтүндө 11 метрлик айып соккусу белгиленип, Япониянын командасынын чабуулчусу Адо Онаиу айып соккуну голго айлантты. Ошондой эле 31 жана 33-мүнөттө кайрадан Адо Онаиу гол киргизип, эсепти 3:0гө айлантты.

Биринчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө кыргызстандык футболчуга орой оюн көрсөткөндүгү үчүн 11 метрлик айып соккусу белгиленди. Топту Мирлан Мурзаев тээп гол жаратты.

Дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин беттешке катышкан жок. Алар коронавируска шектелип, “сары тизмеге” кирген.

Эскерте кетсек, “Ак шумкарлар” буга чейин Мьянманын командасын 8:1 эсебинде утуп, Монголиянын курамасына 0:1 эсебинде утулуп калган.

“Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий