• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкек-Анталия багытында учкан учак кайра конууга аргасыз болду

Коом 0

Бишкек, 05.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 5-августта Бишкек-Анталия багытында уча турган А320 үлгүсүндөгү учак "Манас" аэропортунан учуп чыккандан кийин 3 мүнөттөн соң конууга аргасыз болду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Авиатрафик" компаниясына тиешелүү учак саат 7:46да абага көтөрүлгөн. Көп өтпөй анын кыймылдаткычтарынын бири жакшы иштебей, конууга аргасыз болгон. Учакта 111 жүргүнчүдөн сырткары 6 экипаж мүчөсү болгон. Учурда жарандык авиация агенттиги тарабынан окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Ал эми жүргүнчүлөргө компаниянын кызматкерлери тарабынан ысык тамак берилип, мейманканаларга жайгаштырылган. Каалоочулар өз үйлөрүнө кетишкен. Бүгүн кечки саат 21:00дө Бишкек-Анталия багыты боюнча башка учак учат.

Пикир

Оставить комментарий