Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин корпусу оңдоодон өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин корпусу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштери келерки окуу жылынын башталышына карата аяктайт. Колледждин биринчи корпусун оңдоп-түзөө иштери Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан каржылануучу Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Аталган долбоордун алкагында жети облуста жайгашкан жана аймактагы окууга болгон керектөөлөрдү канааттандыруу менен иш алып барып жаткан колледждердин базасында сегиз Алдыңкы тажрыйба борборун түзүү каралган.

Программанын дизайнында: окуу имараттарын, жатканаларды реабилитациялоо, жумуш ордунда окутууну ишке ашыруу үчүн окуу-өндүрүштүк комплекстерди түзүү, эмеректерди, окуу материалдарын, өндүрүштүк жабдууларды сатып алуу каралган. Атайын бул борборлор үчүн борборлор жайгашкан аймактарда суроо-талапка ээ болгон артыкчылыктуу адистиктер тандалып алынган. Азыркы учурда аталган адистиктер үчүн кесиптик стандарттар иштелип чыгууда. Инновациялык болуп ишкердикке окутуу боюнча модулду ишке киргизүү саналат.

Пикир

Оставить комментарий