Бишкек – Астана багыты боюнча түз аба каттамы жанданды

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бишкек – Астана багыты боюнча түз аба каттамы жанданды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "FlyArystan" авиакомпаниясы 16-июндан тартып Астана – Бишкек – Астана багыты боюнча түз аба каттамдарын аткара баштады.

"Эми сиз Airbus A320 учагы менен Казакстандын борборуна түз жана ыңгайлуу жете аласыз. Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, каттам жумасына 2 жолу, шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий