• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкек – Балыкчы — Бишкек поездди жаңы VIP-купе менен толукталат

Коом 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. 1-августтан баштап Бишкек— Балыкчы — Бишкек поездинин курамына VIP-купе категориясындагы дагы бир жогорку комфорттогу вагон киргизилет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, вагондун ичинде 6 купе бар. Алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтар, аудио-стерео системалар бар. Ошондой эле абаны муздатуу системасы каралган. Ички жасалгасы улуттук стилде кооздолгон. Вагондо кошумча акыга буфет кызматтары көрсөтүлөт.

Билеттерди ticket.railway.kg сайтынан жана мобилдик тиркемелеринен, ошондой эле Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан Бишкек-2 бекетинин кассаларынан сатып алса болот.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы вагондорду жаңылоо иштери туризмди өнүктүрүү, жүргүнчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды кеңейтүү боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруу алкагында жасалып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий