Бишкек – Балыкчы каттамына жаңы VIP-вагон ишке кирди – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Бишкек – Балыкчы – Бишкек жүргүнчүлөр каттамы үчүн кезектеги VIP-вагон ишке киргизилди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Белгиленгендей, жаңы VIP-вагон мурунку вагонго окшоштурулуп жасалган, бирок саякатты мурункудан да ыңгайлуу жана жагымдуу кыла турган бир катар дизайнердик инновациялар жана жакшыртуулар менен толукталган.

Инновациялары жана жакшыртуулары:

  • VIP-вагондо тамак-аш жана суусундуктар сактала турган муздаткыч функциясы менен заманбап бар-стол орнотулган;
  • вагондо жүктөрдү сактоо үчүн ыңгайлуу чечим – отургучтардын астындагы орундук. Эми жүргүнчүлөр жүктөрүн отургучтардын астына сактай алышат;
  • +40ка чейинки температурада дагы ыңгайлуулукту камсыз кылган панорамалык терезелер жана кубаттуу кондиционерлер жабдылган;
  • жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн вагон видеобайкоо тутуму, ал эми жагымдуу саякат үчүн стереотутум жана телевизорлор менен жабдылган.

Быйылкы Бишкек – Балыкчы – Бишкек поезд каттамынын өзгөчөлүгү - анын курамына вагон-генераторду киргизүү болуп саналат. Бул вагон 600 кВт кубаттуулукка эсептелген 40 вагонго чейин электр энергиясы менен камсыздай алат (бир вагондун орточо керектөөсү болжол менен 10-15 кВт). Вагондо ар бири 300 кВт болгон эки даана генератор орнотулган. Эгерде бир генератор иштебей калса, экинчи генератор автоматтык түрдө электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кыла баштайт.

Бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын комиссиясы ишкананын башкы директордун биринчи орун басары Роман Спасскийдин жетекчилиги астында жаңы ВИП вагон жана вагон-генераторду сыноодон өткөрдү. Натыйжада бардык тутумдардын, анын ичинде генераторлордун жана вагондун электр компоненттеринин мыкты иштешин тастыкталды.

Пикир

Оставить комментарий