Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол белгилерин №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө.

!"№2 Жол тейлөө мекемеси Ош–Баткен–Раззаков, Баткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа, Бужум–Баткен–Кызыл-Жол унаа жолдорундагы эски белгилерди алмаштыруу менен алек", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жол белгилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзү чыгарат.

“Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинен чыккан жол белгилер 7-10 жылга чейин жарамдуу болуп, баасы тирөөчү менен кошкондо жеке компанияларга салыштырмалуу арзан болот.

Андан тышкары, учурда №21 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ош–Баткен–Разаков унаа жолунда жол четин ирээтке келтирүү, тегиздөө жумуштары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий