• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

"Бишкекбашкыархитектура" ишканасы Мамкурулуштун карамагына кайтарылды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында министрлер кабинети "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылат, ошондой эле бул чөйрөдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий