• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек-Чалдовар жолунда мас айдоочу каршы тилкеге чыгып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Панфилов районунда мас айдоочунун кесепетинен адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-августта Панфилов районунда Бишкек-Чалдовар жолунун 80-чакырымында 1971-жылы туулган П.Е. аттуу жарандын башкаруусундагы Opel Omega унаасы менен 1979-жылы туулган К.К. аттуу жарандын башкаруусундагы KIA унаасы сүзүшкөн.

Opel Omega унаасынын айдоочусу мас абалда болгон жана жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен KIA`нын айдоочусу каза болгон.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Айдоочу П.Е. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий