• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Бишкек – Доха үзгүлтүксүз түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катар аба жолдору (“Qatar Airways”) компаниясынын башкы аткаруучу директору Бадр Мухаммед Аль-Меер менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөнүн келечегин жана эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар туристтик жана инвестициялык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий