Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Бишкек, Кант жанаТокмок шаарларында газ убактылуу өчүрүлөт, - деп билдирет "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде жок болот:
-14-15-августта Кант шаарынын Гагарин көчөсүндөгү №13а, 14а, 15а, 19а, 19б үйлөрүндө;
-15-16-августта Бишкек шаарынын Киев, Тоголок Молдо, Токтогул, Исанов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
-15-августта Токмок шаарынын Татарская, Казакстанская, Береговая, Пролетарская, Интернациональная, Узбекская көчөлөрүндө.
"Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий