• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Бишкек-Каракол аба каттамы 22-декабрдан тарта аткарылат. Билет баасы 3100 сом

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкек – Каракол аба каттамы боюнча билет баасы бир тарапка 3100 сомду түзөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр үчүн 1-каттам 22-декабрь күнү Бишкек — Каракол багыты боюнча аткарылат.

Билет баасы 3100 сом.

Авиабилеттер asmanairlines.kg тиркемесинде сатылат.

Эске салсак, бүгүн Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт салтанаттуу түрдө ачылды.

"Каракол" эл аралык аэропорту 1971-жылы түптөлүп, учуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилген. Анда Як-40, Л-410, Ан-2, Ан-26, Ан-28 сыяктуу учактарды жана бардык типтеги вертолетторду кабыл алчу.

Аэропорт 2018-жылы Дубай – Ташкент – Бишкек – Каракол каттамы боюнча акыркы чартердик рейси кабыл алган. Андан кийин аэропорт ишин токтоткон.

Өкмөттүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы токтому менен “Каракол” аэропортуна эл аралык макам ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий