Бишкек – Кашгар багыты боюнча көп орундуу автобустар каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тарта Бишкек – Кашгар (КЭР Синьцзян – Уйгур автономиялуу району) багыты боюнча көп орундуу автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылып, автобустар саат 16:00дө Бишкек шаарындагы Батыш автовокзалынан жолго чыгат.

Билет баасы - 7 миң 431 сом (85$).

Пикир

Оставить комментарий