• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкек мамлекеттик университетинин алдына орнотулган Карасаевдин эстелигинин ачылышы өтөт

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-сентябрда, саат 10:00дө Бишкек мамлекеттик университетинин алдына орнотулган лексиколог, филология илимдеринин кандидаты Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кусеин Карасаев 1901-жылдын 5-январында азыркы Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында орто чарба үй-бүлөдө төрөлгөн. 1946-жылдан тарта КПСС мүчөсү. Эски мектептен кат таанып, алгачкы билимди Пржевальск шаарындагы орус-тузем мектебинен алган. Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш институтут бүтүргөн.

1921-1922-жылдары Кең-Суу айылдык революциячыл комитетинин төрагасына орун басарлык кызматты аткарган жана маданий-агартуу кызматтарда иштеген.

1923-1925-жылдары Ташкент шаарындагы кыргыз агартуу институтунан окуган. Института окуп жүрүп “Эркин-Тоо” гезитинин алгачкы сандарын чыгарышкан жана ага кабарчылык кылган. Орто Азия мамлекеттик университинин жумушчу факультетине кыргыз тилинен сабак берген.

1927-жылы Карасаев Бакуда ѳткѳн жаңы түрк алфавитинин борбордук комитетинин пленимуна катышкан. 1931-1940-жылдары Кыргыз маданий курулуш илимий изилдөө институтунда илимий кызматкер болгон. 1951-1974-жылдары Кыргызстан мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген.

Карасаев кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгө катышкан. Авторлош болуп чоңдор үчүн “Жаңылык” деген туңгуч алиппе түзүшкөн. Өзү да “Сабат ачкыч” алиппесин жазган.

Карасаев Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири. Ал Игорь Батманов менен бирге кыргыздардын сөздүк жаатындагы туңгуч эмгеги - “орусча-кыргызча сөздүктү” түзгөн, 1944-жылы “орусча-кыргызча сөздүк”, 1966-жылы Карасаев тарабынан чоң “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү” (60 миң сөз) жарык кѳргөн.

Карасаевдин кыргыз фольклористикасы менен адабият таануусунун, котормо теориясына да сиңирген эмгеги бар. Буга анын “Котормо жайында”, “Манас”, Кыргыз ырларынын түзүлүшү дегендей макалалары далил. Кыргыз ыр түзүлүшү боюнча терминдердин уюткусу да Карасаев тарабынан иштелип чыккан. Ал ошондой эле элдик оозеки чыгармаларды жыйноо котормо ишине да кыйла салым кошкон. М.Горький, А.Радищев, Л.Крючковский, Р.Тагор жана башка жазуучулардын чыгармаларын которгон.

Пикир

Оставить комментарий