• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мектептеринде “СПИДсиз жана баңгизатсыз жашоо!” акциясы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында “СПИДсиз жана баңгизатсыз жашоо!” акциясы өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө арналып, 27-ноябрдан 8-декабрга чейин уланмакчы.

Декадада мектептерде төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлүүдө:
- стенддер жана ден соолук бурчтары жасалгаланып, жогорку класстын окуучулары тематикалык дубал газеталарды даярдап жатышат;
- Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери борбордогу мектептердин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарларына жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын медицина кызматкерлерине семинар өткөрүшөт;
- мектептердин медициналык кызматкерлеринин жана ҮМБнын дарыгерлеринин катышуусунда жогорку класстын окуучулары менен ВИЧ жана СПИДдин алдын алуу боюнча сабактар жана маектер өткөрүлөт;
- мектеп окуучулары тематикалык видеороликтерди даярдашты.

Акция Бишкек мэриясынын билим берүү департаменти жана шаардык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борбору тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий