Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Бишкек мектептеринде жайкы лагерлер салтанаттуу ачылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мектеп алдындагы лагерлер ишин 5-июндан 30-июнга чейин жүргүзөт. Жалпы 39 мектепте лагерь уюштурулса, анын 34ү тамак менен камсыздалган. Лагерлер саат 8:00дөн 14:00 гө чейин иштеп, 4 миң 285 окуучуну камтыйт.
Мэриядан белгилешкендей, мектеп лагеринде балдар ийримдик иштер менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Анда маданий саякаттар, спорттук оюндар, сынактар жана башка көптөгөн иш-чаралар уюштурулат. Балдардын чыгармачылык борборлору 71 ийримдин ишин уюштурду.
"Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, жашы жете элек балдар менен иштөө инспектору бекитилип, балдардын коопсуздугу мектептин коопсуздук кызматы тарабынан да камсыздалат", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий