Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Бишкек менен АКШ шаарларынын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мекемеден маалымдашкандай, агенттиктин директору Данияр Бостонов Вашингтонго болгон иш сапарында АКШнын Федералдык авиация агенттигинин өкүлдөрү жана Мамлекеттик департаментинин кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууда Бишкек менен АКШ шаарларынын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу үчүн ФААнын аудитине даярдык көрүү жана аны өткөрүү, ошондой эле авиация коопсуздугу маселелери талкууланды.
ФААнын эл аралык иштер жана экология боюнча аткаруучу директорунун орун басары Дэвид Бёркхолдер аудитти өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Ошондой эле Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы "ачык асман" саясаты боюнча иштерди улантуу керектиги айтылды.
Мындан тышкары, АКШнын жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясынын вице-президенти Кит Глатц менен жолугушууда Бишкекке америкалык авиакомпаниялар тарабынан түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Тараптар анда маршруттарды ачууга зарыл шарттарды түзүү боюнча кадамдарды карашты.
Пикир
Оставить комментарий