• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкек менен Чүйдө 28 көмүр кампасы ачылып, көмүрдүн тоннасы 5,3 миң сомдон сатылууда

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Учурда “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан Бишкек жана Чүй облусу боюнча жалпы 28 көмүр кампа ачылган. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Гүлчоро Молдалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча мамлекеттик ишкана менен биргеликте 66 көмүр кампа ачылган.

“Бишкектеги "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ачылган көмүр кампаларда көмүрдүн тоннасы 5 миң 300 сомдон сатылууда. Бул баа Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан коюлган жана андан ашырылбай сатылат. Чүй облусунда көмүр кенинин алыстыгына байланыштуу 5 миң сомдон 5 миң 800 сомго чейин сатылууда. Мисалы, Кара-Кечеден Кара-Балтага чейин алысыраак болгондуктан, ошого карата ал жерде көмүрдүн баасы 5 миң 800 сомго жетет. Кемин районунда болсо 1 тонна көмүр 5 миң сомдон сатылат”, - деди Гүлчоро Молдалиев.

Молдалиев кошумчалагандай, Баткен жана Ош облустарында көмүрдүн тоннасы 6 миң 500 сомго чейин сатылууда. "Бул өлкө боюнча биз ачкан капмаларда сатылып жаткан көмүрдүн эң жогорку баасы болуп эсептелет. Ал эми Бишкекте жеке ишкерлер ошол эле Кара-Кече көмүрүнүн тоннасын 6 миң 500, 7 миң жана 8 миң 500 сомдон сатып жатышат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан сатылып жаткан көмүргө бааны Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы коет. Ал баанын ичине Бишкекке жеткирүү жана көмүрдү ордунан казып алуу кызматтары кирет. Мунун баары эсептелип чыккан соң Бишкекте көмүргө 5 миң 300 сом деп баа коюлган. Ал эми Кара-Кече көмүр кенинин өзүндө көмүрдүн баасы 2 миң 260 сомду түзөт.

Эске салсак, быйыл көмүр кампалары 14-сентябрдан тарта иштеп баштаган.

Пикир

Оставить комментарий