• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 10 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 10 млн сомдон ашуун жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 18-июлуна карата бул 79 субъектке 10,72 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилди.

Белгиленгендей, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2" долбоорун ишке ашырып жатат.

Насыялар "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААК тарабынан берилүүдө. Кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд сом суммасын түзөт

Пикир

Оставить комментарий